Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн кечээ, 11-августта Сочи шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
"Өкмөт башчысын Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов жана Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алды. Жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташтык маселелери каралат", - деп айтылат маалыматта.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген делегациянын курамында: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү Үсөн Усупов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар экени белгилүү болду.