"Конституцияны өзгөртүү Кыргыз мамлекетине керек эмес, Атамбаевге гана керек" дейт блоггер Данияр Айтман
"Бийлик "Конституцияны тез өзгөртүш керек" деп жатат. Чындыгында, Конституцияны өзгөртүү Атамбаевге гана керек, ал эми Кыргыз мамлекетине керек эмес". Мындай пикирин белгилүү блоггер Данияр Айтман өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бийлик кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган бетпак, алдамчыдай эле калп айтып жатат. 2010-жылы коомчулук арасында Конституция 2020-жылга чейин сакталат деген түшүнүк болгон. Бул коом менен бийликтин ортосундагы келишим болгон. Бирок бийлик бул келишимди уялбай бузганы жатат. Ошондуктан Конституцияны өзгөртүү демилгеси коомдун көз алдында мыйзамсыз деп саналат", - дейт Айтман.
"Бардык эксперттер жана көз карандысыз саясатчылар өз ойлорун билдиришти. Коомдун активдүү бөлүгү "Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр зыян жана аларды кабыл алуу жарабайт" деген бир пикирге келишти. Албетте, бийлик алдаганы үчүн жооп берет, анткени алдамчы бийлик узакка кармалбайт", - деген оюн билдирет блоггер.