Алмазбек Атамбаев Франциянын президенти Франсуа Олландды туулган күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-августта Франциянын президенти Франсуа Олландды туулган күнү менен куттуктады.

"Кыргыз Республикасында сизди Кыргыз мамлекети менен Франциянын ортосундагы достуктун жана өз ара кызматташтыктын туруктуу жактоочусу катары билишет. Биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн жана элдердин бакубатчылыгы үчүн кыргыз-француз достук мамилелери мындан ары да бекемдей берет деп ишенем”, - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев президент Франсуа Олландга бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалаганын президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан