Орусия Түркиядан Сирия менен чек арасын жабууну талап кылды

Орусиянын талаптарына ылайык, Түркия Сирия менен чек арасын жабууга камынып жатканын Орусиянын массалык маалымат каражаттары жарыялашты. Маалыматка таянсак, 12-августта Орусиянын дипломаттары менен аскер башчылары Анкарадагы кесиптештери менен жолугушуп, чек араны жабууну талап кылышты. Орусия чек ара жабылса, Сириядан келип жаткан террорчулардын жана
курал-жарактардын агымы токтошу мүмкүн деп ушундай талап коюп жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-августта Санкт-Петербург шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан