Сооронбай Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү көтөрдү

Орусиянын Сочи шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жолугушуусу аяктады. Өкмөттөн билдиришкендей, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү көтөрдү.

"Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алып салуу маселеси чечилбей турат. Бирдиктүү транзиттик жүк ташууларды эркин камсыздоого тоскоолдук жараткан көйгөйлөр бар", - деп айтты Жээнбеков. Мындай тоскоолдуктарды тез арада чечүү керектигин белгиледи. Учурда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кенен чөйрөдөгү отуруму башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан