Эски көрүстөндөрдүн жер тилкелеринин статусун мыйзамдык негизде бекемдөө, аларды маданий мурас объекттери катары коргоого багытталган мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Демилгечи - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Илхом Маннонов.
Анын айтымында, сөөк коюлуучу жайлардын иштөөсүнүн маселелери сөөк коюу токтотулгандан кийин белгилүү бир мезгил (жансыз денелердин толук минералдашуу мөөнөтү) өткөндөн кийин эски көрүстөндөрдү кайрадан пайдаланууга байланышкан маселелерди да өзүндө камтыйт.
"Мындай учурда сөөк коюлуп келген жайлардын аймактары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө гана пайдаланылышы мүмкүн. Мурдатан сөөк коюлуп келген, бирок кийин токтотулуп коюлган жайлардын аймактарында имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салуу зарыл. Азыркы убакта объекттерди курууга орун “тазалоо” максатында эски мүрзөлөрдү массалык түрдө жок кылуунун көзөмөлдөнбөгөн процесси болуп кетиши ыктымал, иш жүзүндө бул өлгөндөрдү жана алардын мүрзөлөрүн мазактоо болуп калат", - дейт демилгечи.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору эски көрүстөндөрдүн маданий мурас объекти катары макамын мыйзамдык негизде бекемдөөгө, алардын жер тилкелерин тарыхый-маданий жааттагы жерлерге киргизүүгө багытталган жана аны жеке менчикке берүүгө тыюу салат.