2017-жылга республикалык бюджеттин долбоорунун өзгөчөлүгү – бюджеттин чыгаша жагында жаңы берене - бюджеттик резервдин пайда болушу. Бюджеттик резерв чыгашанын 2 пайызга чейинки өлчөмүндө түзүлөт жана ал каражаттар ар кандай табигый кырсыктарга жумшалмакчы. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиевге шилтеме берүү менен министрликтен кабарлашты.
Касымалиев 2017-жылга республикалык бюджеттин долбоору Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынганы, долбоордо камтылган иш-чаралар боюнча маалымат берди. "2017-жылдагы бюджеттин долбоорунда атайын каражаттар боюнча өзгөчөлүктөр бар. Атайын каражаттарда министрликтер жана мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрү гана калып, калган башка каражаттар атайын каражаттардын эсебинен чыгарылып бюджеттин эсебине киргизилди. Бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык, 2017-жылдан баштап Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзүнүн бюджетин мыйзам менен кабыл алат", - деди министр.