Сочиде өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан соң премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташуу маселелерин жана ЕАЭБдин алкагында өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты. Атап айтканда, ЕАЭБ тышкы чек араларындагы, кыргыз тараптын тилкелерин техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз мамлекетинин айыл чарба продукцияларынын рыногун кеңейтүү жана инфраструктураларын жакшыртуу маселелерин талкуулады. Өкмөт башчыларынын деңгээлинде өткөрүлгөн жыйын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин Евразия мейкиндигинде өз ара алакаларын бекемдөөгө түрткү берери белгиленди.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш Орусиянын Сочи шаарында 12-августта өткөн. Анда ЕАЭБдин процесстерин тереңдетүүгө багытталган маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлган.