Президент менен Токон Мамытов этностук топтордун укуктарын коргоо жаатында пикир алышты

Президент Алмазбек Атамбаев 16-августта Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов менен жолугушту.

Мамлекет башчы ассамблеянын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты укту. Мамытов бардык этномаданий борборлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн координациялоо ишин өркүндөтүү, өлкөдө жашаган этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо чаралары тууралуу айтып берди.

Президент тил жана маданий көп түрдүүлүк принциптерине негизделген заманбап демократиялык коом курууда ассамблеянын өзгөчө маанисин белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, ассамблея өлкөдө этностор аралык конструктивдүү диалогду сактоонун жана өркүндөтүүнүн эң натыйжалуу жолдорун аныктоодо маанилүү роль ойноого тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан