Электр жана жылуулук энергияга, ысык сууга тарифтердин өсүшүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды

Электр жана жылуулук энергияга, ысык сууга тарифтердин өсүшүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 16-августта өлкөнүн күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын талкуулап жатып айтты. Анын билдиришинче, азырынча электр энергиясынын баасын көтөрүү болбойт. Тийиштүү мекемелерге тез аранын ичинде жаңы тарифтерди иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

"Тарифтерге өсүүнү убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги тез арада тарифтердин жаңы саясатын иштеп чыгуусу керек. Ал эми бөлүштүрүү компаниялары өздүк наркы боюнча маалыматтарды берүүсү кажет", - деди Жээнбеков.

Өкмөт башчынын билдиришинче, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жетиштүү деңгээлде топтолгонунан улам ушундай чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан