Элдин электр энергияга болгон карызы төмөндөп, бюджеттик мекемелердики, тескерисинче, жогорулап жатат

Элдин электр энергияга болгон карызы төмөндөп, бюджеттик мекемелердики, тескерисинче, жогорулап жатканы өлкөнү күз-кыш мезгилдерине карата даярдоо боюнча штабдын жыйынында айтылды.

Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин өкүлүнүн билдиришинче, учурда мамлекеттик мекемелер бюджетке электр энергиясы үчүн 121 миллион сом карыз. "Карыздардын көлөмүн азайтуу аракеттери көрүлүп, элдин карызы азайды. Тоолуу аймактардагы калкка жеңилдиктер берилип, жеңилдиктер өз убагында аткарылып жатат. Ал эми быйыл жалпы 2,5 миллион тонна көмүр жеткиришибиз керек болсо, учурда 70 тонна көмүр сатып алууга тендер жарыяланган", - деп айтты агенттиктин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан