Бүгүн, 16-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жаңы технологиянын доорунда интернет элдин жашоосуна терең сиңип баратат. Бирок келерки окуу жылында өлкөбүздөгү жүздөгөн мектептерде окуу интернетсиз улана бермекчи. Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларынын саны 1 миллионго чукул, бул өлкөдөгү жалпы калктын санынын алтыдан бирин түзөт дегенди билдирет. Эгерде мектептер интернетке кошулса, анда окуучулар Кембриж, Стенфорд, Москва мамлекеттик университети жана башка абройлуу жогорку окуу жайларынын китепканаларынын сайттарына кирип, керектүү китептерди, маалыматтарды таап, мындан тышкары аларга белгилүү окутуучулар, чет өлкөлүк студенттер менен сүйлөшүүгө шарт түзүлмөк. Мындай шарттарды түзүү үчүн республикалык бюджеттен 163 миллион 600 миң сом бөлүнүп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жайында 600 мектепти интернетке туташтыруу боюнча тендер жарыяланган эле, бирок сынакка катышуу боюнча интернет-провайдерлерден арыз түшкөн жок.
“Менчик провайдерлер кандайдыр бир себептерден улам бул тендерге аралашпоону чечишкендир. Анан да бизге "мамлекет менен алака түзүүнү каалабайбыз" дешти”, - деди тиешелүү министрликтин башчысы Эльвира Сариева. Анын айтымында, бир гана “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому арыз берип, бирок бул мекеме талап кылган каражат бюджеттен бөлүнгөн акчадан жогору болгондуктан министрлик макул болгон эмес. Буга байланыштуу тендер кайра жарыяланды. Көңүл бөлчү жагдай: буга чейинки шарттарга өзгөртүү кирген эмес жана сумманын көлөмү да ошол бойдон калган. Мындан улам "Министрлик 1-тендерден жыйынтык чыгарбай эмненин негизинде көшөрүп жатат?" деген суроо туулат.
Бул аралыкта "өлкөдө интернеттин баасы 2-3 эсе кымбатташы мүмкүн" деген маалымат кызуу талкууланууда. Бишкектеги ири провайдерлердин бири сайтына “Бизден жогору турган провайдер интернеттин баасын жогорулатып жаткандыгын маалымдайбыз. Компания бааны өзгөртпөөгө бардык күчүн жумшоодо. Бирок сүйлөшүүлөр күтүлгөндөй жыйынтык бербесе, биздин да тариф өзгөрүлүшү мүмкүн” деп жазды.
Мектептерди интернетке туташтырууга бөлүнгөн 163 миллион 600 миң сомду провайдерлер аз деп министрлик менен иштешүүгө макул болбой жатканы көрүнөт. Ошол арзан баага макул болбой жаткандан кийин эми интернеттин өзү кымбаттаса анда эмне болот?
Монголияда президенттин, премьер-министрдин жана парламенттин депутаттарынын айлыктары 30 пайызга кыскартылып, мамлекеттик башкаруудагы чиновниктердики 20 пайызга азаят. Мындай кадамга барууга өлкөдөгү экономикалык каатчылык түртүп жатканы белгилүү болду. Бийлик өкүлдөрү өлкө үчүн оор мезгилде ушинтип курмандыкка барганы элдин, салык төлөөчүлөрдүн сыйына татыйт.
2015-жылы Кыргыз мамлекетинде кризис күчөп жаткан маалда президент, өкмөт башчы, министрлердин же депутаттардын бири да айлыкты кыскартыш керек деп демилгени көтөргөн эмес. Анын ордуна эл өкүлдөрү эки жардамчысынын биринен жана кызматтык унаадан баш тартууну туура көрүшкөн. Бирок ошол эле убакытта ай сайын жол киреге деп депутаттар 40 миң сом алышат.
Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге таандык. Анын айтымында, бүгүнкү күндө балдарды зордуктоо маселеси курч. “Эмгек, ички миграция, ажырашуулардын, ташталып кеткен балдардын санынын өсүшү балдарга жана өспүрүмдөргө каршы кылмыштардын жаралышына өбөлгө болууда”,- дейт демилгенин автору.
Буга чейин 2013-жылы педофилдерди химиялык кастрациялоого багытталган мыйзам долбоору парламентте кызуу талкууланып, 3 окууда жактырылган эле. Бирок президент Алмазбек Атамбаев “бул мыйзамды жүзөгө ашыруу коюлган максаттарга жетүүгө мүмкүндүк бербейт жана коомдо адилеттүү кыжырданууну жана жек көрүүнү жараткан оор кылмыштарды жасаган адамдарга карата жазаны реалдуу күчөтүүнү камсыз кылбайт” деп четке каккан болчу. Мамлекет башчынын бул каршылыгын ашып өтүү үчүн депутаттар керектүү сандагы добуш чогулта албай калышкан. Кийин 2015-жылы журналисттер менен жолугушууда өлкө башчы: "Педофилдерге жана террористтерге өлүм жазасын колдонууга каршы эмесмин", - деп билдирген. Логикага таянсак, бийлик педофилдерди химиялык кастрациялоого каршы, бирок өлүм жазасына тартууга макул болуп жатат.