Мадумаров: "Буга чейин Конституцияны өзгөртүү аркылуу бийликте калуу аракеттери эмнеге жеткиргени баарыбызга белгилүү"

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин демилгесине каршы билдирүү жасады. Бул тууралуу "Заноза" сайты жазып чыкты.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекети көз карандысыздыгын алгандан бери 25 жыл өтүп, бул мөөнөттүн ичинде бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. "Эми өлкө эң жаман сыноонун босогосунда турат. Бул сыноо - укуктук баш аламандык жана туруксуздук системинин биротоло бекемделиши. Учурда мамлекетти башкарып жаткан саясий топ бийликте мөөнөтсүз калуу үчүн операцияга даярданып жатат. Бул операция "КРнын Конституциясын өзгөртүү" деп аталат", - дейт Мадумаров.

"Конституциянын айланасында жүрүп жаткан оюндар жана алар кандай түрдө өтүп жатканы - Кыргыз Республикасынын астына бекитилип жаткан башкы мина. Бул оюндар өлкөдө жаңы жана эң начар тоталитаризмдин пайда болуп жаткандыгынын белгиси. Эгер мурда кыргыз тоталитаризминин аты-жөнү жана дареги болсо, азыркы тоталитаризмдин жүзү жок. Тагдыр чечүүчү мамлекеттик чечимдер "парламенттик демократия" деп салтанаттуу аталган жашыруун үч бурчтуктун ичинде кабыл алынууда. Бул үч бурчтуктун бир жагы - президенттик партия жана анын лидери, экинчи жагы - президенттик партиянын клондору жана шериктери, үчүнчү жагы - учурдагы президентке берилгендиги үчүн жогорку кызматка чейин көтөрүлгөн жана коомго анча белгилүү эмес адамдар", - деген оюн билдирет саясатчы.

Анын пикири боюнча, бул үч бурчтукта жарандык жана эксперттик коомчулуктун, бийликтен көз карандысыз саясий партиялардын, эркин ЖМКлардын өкүлдөрү жок. "Булардын баары накта демократиялык өлкөлөрдө мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда көмөк көрсөтүшөт. Эгер бийликтегилер элди көңүлгө албаса, анда коомчулук "учурдагы режим бийликте калууга жана бийлигин кеңейтүүгө аракеттенип жатат" деп эсептөөгө толук укугу бар. Буга чейин мындай аракеттер эмнеге жеткиргени баарыбызга белгилүү", - дейт Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан