"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө тийиштүү мыйзам долбоорлорун укуктук экспертизадан өткөрүү сунушу менен кайрылды. Маалыматты 18-августта фракция катчылыгынан билдиришти.
Депутаттын катында "Парламенттеги КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Республика-Ата Журт" фракциялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамы боюнча референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору даярдалганы тууралуу сиздерди кабардар кылуу зарыл деп эсептейм. Бул түзөтүүлөр конституциялык түзүлүштүн негизине таандык Конституциянын бир катар бөлүмдөрүнө, президент, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине, прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана бир катар маселелерге өзгөртүү киргизет" деп айтылат.
Шыкмаматов Венеция комиссиясынын тажрыйбасын белгилеп, Кыргыз өлкөсүнүн парламенти менен комиссиянын кызматташтыгы мындан ары да жемиштүү уланарына үмүт артарын айтты. Белгилей кетсек, жакында аталган комиссиянын төрагасы Жанни Букиккио кыргыз бийлиги кайрылса, комиссия корутунду чыгарып берүүгө даяр экенин билдирген. Көпчүлүк сыяктуу эле аталган комиссия дагы Конституцияны өзгөртүү демилгеси шашпай дыкат талкууланышы керек деген пикирде.