Бүгүн, 18-августта Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Жаныбек Бакчиев, Аскарбек Шадиев Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Майкл Тэтэм менен жолугушту.
Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы саясий кызматташуунун оң динамикасын белгилеп, эки өлкөнүн экономикалык өнөктөштүгүн өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Ал Европалык биримдиктин алкагында Кыргыз мамлекетинде Улуу Британиянын бир катар долбоорлору ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын эске салды.
Майкл Тэтэм Улуу Британиянын Кыргыз мамлекети менен тыгыз жана жемиштүү кызматташтыгын улантуу, ошондой эле парламенттик демократияны өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерине колдоо көрсөтүү ниетин ортого салды.
Мындан сырткары жолугушууда тараптар эки жактуу мамилелерге оң баа берип, парламенттер ортосундагы байланыштарды чыңдоо керектигин белгилешти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.