Сооронбай Жээнбеков Оштогу Беш-Үй айылынын жана 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылынын жашоочулары менен жолугушту (фото)

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Барак эксклавынан көчүп келген Беш-Үй айылынын тургундары жана 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылынын жашоочулары менен жолугушту.

Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, премьер-министр Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылынын тургундары менен жолугушууда Барак эксклавынан 141 адам көчүп келген жаңы конуштун инфраструктурасын көрүп чыкты. Учурда айылда өз турак жайларын куруп бүтүргөн 6 үй-бүлө жашайт. Калгандары курулуш иштерин жүргүзүүдө.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өкмөт тарабынан аталган айылдын жашоочуларына үй куруу үчүн 18 миллион 100 миң сом өлчөмүндөгү ссуда берилген. Беш-Үй айылы электр менен толугу менен камсыздалган, ички жана тышкы жолдордун курулушунун 95 пайызы аткарылган.

Кыдыруу учурунда өкмөт башчы жергиликтүү бийлик органдарына Беш-Үй айылынын тургундарына көмөк көрсөтүүнү, 2017-жылга карата аталган аймакта социалдык объектилерди куруу мүмкүндүгүн кароону тапшырды. Турак жайларды курууда бардык курулуш талаптарын сактап, ишти сапаттуу аткарууга басым жасоо жана суук мезгилге дейре аны жыйынтыктоо зарыл.

Андан соң премьер-министр Кара-Суу районундагы Чайчи айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, 2015-жылдын ноябрь айындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери, тактап айтканда, өкмөт аркылуу бөлүнгөн турак жай ссудаларына курулуп жаткан үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жалпысынан жаратылыш кырсыгынын натыйжасында 448 үй-бүлө жабыркаган. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Чайчи айылында 12 үйдүн курулушу аяктаган, 211 тилкеде пайдубал куюлуп, 67 турак жайдын дубалы тургузулган. 199 үй-бүлө 20 миллион 200 миң сом суммасындагы турак жай ссудасын алган.

Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов маалымдагандай, тийиштүү мамлекеттик органдар жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга көмөк көрсөтүү боюнча ишти алып барууда. Ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүчүлөр жабыркагандарды колдоо үчүн төмөндөтүлгөн баадагы товарларды сунуштаган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдарынын жана борбордук аткаруу бийлигинин оңдуу ишин белгилеп, турак жай ссудасын бөлүүнүн экинчи этабы боюнча кошумча каржылоо бутактарын аныктоону тапшырды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине үйлөрдү курууда техникалык көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан