Мектептерди беш күндүк окуу жумалыгына которуу демилгеленди

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев орто билим берүү уюмдарын беш күндүк окуу жумалыгына которуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Анын айтымында, мектептер алты күндөн беш күндүк окуу жумалыгына өтсө, окуучуларга мектептик түйшүктөр кыскарат жана мугалимдер эс алуу үчүн кошумча күнгө ээ болушат.

"Мектептерде алты күндүк окутуу мугалимдерге жана окуучуларга ашыкча түйшүктөрдү жаратат. Окуучулар үчүн ар кандай спорттук секцияларга, таанып-билүү жана оюн-зоок ийримдерине катышуу, ошондой эле ойдогудай эс алуу үчүн убакыт калбайт. Окуучулар жумасына алты күн бою билим алуу, дем алыш күнү үй тапшырмаларын аткаруу менен алектенишет. Ошондой эле мугалимдер да дем алыш күндөрү көзөмөлдөп, берилген башка тапшырмаларды текшерүүгө муктаж болушат", - дейт Бекешев.

Депутат негизги жалпы билим алуучу окуучулар үчүн беш күндүк окуу жумалыгына 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып которууну сунуштап жатат. Ал эми орто жалпы билим алуучу окуучулар үчүн 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып которууну демилгелөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан