Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу бүгүнкү маалымат жыйынында: "Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин эле ажыдаарга айланганын 2011-жылы айтып, өзүнө кат жибергем. Экөөбүз дос болчубуз, азыр достук мамилеге "мораторий" киргизип койдум", - деп айтты.
Турсунбай Бакир уулу Орто Азия мамлекеттериндеги президенттер ар дайым Конституциядагы нормаларды бузуп келишкенин белгиледи. "Орто Азиядагы мамлекеттердин башчылары, анын ичинде биздин президенттер эч качан Орусия президенти Владимир Путиндей боло алышпайт. Бийликти биротоло колго алып алышат. "Путинден сабак алгыла" деп айтып жүрдүм. Орусиянын Конституциясына ылайык, Путин эки мөөнөткө президент болуп, мөөнөтү бүткөндө Дмитрий Медведевге өткөрүп берип, кайра өзү келип алды. Бийликти биртоло колго алып алды деп аны эч ким күнөөлөй албайт. Бизде президенттер премьер-министрге ишенбейт. Президент өзү премьерликке келип, премьерди президенттикке көтөрсө, ал кийинки мөөнөттө бийликти кайра ала албайт. Ошондуктан эптеп бийликте калуу жолун ойлошот", - деди Бакир уулу.