Президент чек ара маселеси боюнча бардык макулдашууларды, ошондой эле кызмат адамдары кол койгон документтерди текшерип чыгууну тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-августта өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковду кабыл алды.

Жолугушууда президент өлкөнүн тышкы саясий ишмердиги, тышкы саясаттын негизги багыттарын өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары, Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын коргоо боюнча, анын ичинде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы демилгелерди жылдыруу тууралуу маалыматтарды укту.

Мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинин эли өзүбүздүкү деп эсептеген бир катар жерлерди мурдагы президенттер менен кызмат адамдары коңшулардыкы деп тааныган фактылар мезгил-мезгили менен ачыкка чыгып жатканын белгиледи.

“Чегинген” жерлер боюнча маалыматтарды чиновниктер бекем жашыргандыктан, алар тууралуу элибизге гана эмес, өлкөбүздүн азыркы президентине да белгисиз болуп келген. Президент ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналышкан кызмат адамдары кол койгон мындай “келишимдер” тууралуу чындыкты эл билүүгө тийиш экенин баса белгиледи. Ал документтер ратификациялана элек жана белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо да, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык, алар келечектеги макулдашуулардын негизин түзүп калгандыктан, азыр кыйла кыйынчылыктарды жаратып, Кыргыз Республикасынын улуттук таламдарын талашууга чоң тоскоол болууда", - деп билдиришти президенттик аппараттан.

Алмазбек Атамбаев өкмөткө жана түздөн-түз тышкы саясий мекеменин башчысына өзгөчө чек ара маселеси боюнча бардык эл аралык келишимдер менен макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары кол койгон протоколдор менен меморандумдарды терең текшерип чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан