"Жанында жүргөндөрдүн кимиси президенттин алдына "Конституцияны өзгөртүү керек" деген "минаны" төшөдү болду экен?" деген пикирин Кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов Фейсбуктагы өздүк баракчасына бүгүн, 25-августта жарыялады.
Экс-элчи Султанов президенттин соңку 5 жыл аралыгында сүйлөгөн сөздөрүн карап чыкканын айтат.
"Атамбаевдин акыркы 5 жыл аралыгында сүйлөгөн сөздөрү менен айткан ойлорун карап чыктым, 90 пайызы азыркы Конституцияны коргогондордуку менен дал келет экен. Келе жаткан күздө Конституциянын өзгөртүлбөшүнө 100 пайыз ишенем. Президенттин ушундай абалга келишине себепчи болгондор 3-4 аптада өз каалоолору менен кызматтан кетиши керек, намыстары бар болсо. Ал эми намыстары жок болсо, анда бир күнү президент өзү кетирет аларды. Буга мен бөркүмдөй ишенем", - деп жазган Кылычбек Султанов.