"Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселеге эл аралык деңгээлде чекит коюш керек" дейт депутат Султанов

"Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселеге эл аралык деңгээлде чекит коюш керек". Мындай пикирин SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Абдыкапар Султанов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери 25 жыл өтүп, ошол мезгилден бери чек ара маселеси чечилбей келет. "Бул абдан татаал көйгөй, 100 жылдап деле чек ара маселеси чечилбей келиши мүмкүн, бирок коңшу мамлекеттер менен мамиле эч качан бузулбашы керек, чыр-чатактардын кереги жок. Бул маселени тынымсыз сүйлөшүүлөр менен гана, тынч жол менен чечиш абзел. Жакында президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясынын жыйынына барганы жатат, ал жерден дагы бул маселе көтөрүлүшү мүмкүн", - деди Султанов.

Депутат белгилегендей, архивдик материалдарды көтөрүп чыгып, ошол документтердин негизинде бул аймак кимге караганын такташ керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан