Экс-депутат Мамасалиев: "Атамбаевдин айланасындагылар бийликтен кетүүдөн эмес, камалабыз деп коркуп жатышат"

"Президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы адамдар бийликтен кетүүдөн эмес, камалуудан коркуп жатышат". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жарыялады.

"Атамбаевдин айланасындагылар бийликте болууга көнүп калышкан. Менин оюмча, алар камалабыз деп коркушууда, болбосо эмнеге алар Башкы прокуратурадан тергөө функциясын алганы жатышат? Президенттин айланасындагы адамдардын көбү Атамбаев бийликтен кеткен соң бир да кызматкер аларды коргобой турганын түшүнүүдө. Ошондуктан алар үчүн бир эле жол бар - учурдагы башкаруунун конструкциясын өзгөртүү", - деген оюн айтат ал.

"Азыркы бийлик күчкө салууну гана билет, башка тилди түшүнө албайт. Ар кандай форумдар, тегерек столдор, колдорду чогултуу - мунун баарын бийлик оппозициядан күтүп жатат. Мындан ары кантип иш жүргүзүү жана кайсы баскычтарды басуу керектигин бийликтегилер билишет. Ак үйдүн 7-кабатында сени угуш үчүн күч керек. Үнү угулсун деген элде күч бар. Аянтка 3 миң адам чыгып, саясий талаптарды койсо, ошондо жыйынтык чыгат, ошондо бийлик эл менен тил табышууга барат. Же болбосо референдум өтүп, башкаруу системи өзгөрүп, баскычтарды Икрамдар, Сапарлар жана Абдилдер басууну уланта беришет", - дейт Мамасалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан