КҮНСЕРЕП: Өзбектер кармап кеткен 4 жаранды Тышкы иштер министрлиги эми эстеди

Бүгүн, 26-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген эле. Ошондо да аталган кызматаларды качан кармап алып кетишкени боюнча маалыматыбыз жок” деп жооп узаткан. Өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып “22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды” деп маалымат беришти. Демек, телемунаранын кызматкерлеринин Өзбекстандын РИИБинде кармалып турганына бүгүн 5 күн болду. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков коңшу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушуп, кыргызстандык 4 жаранды бошотуу боюнча 25-августта гана сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ал эми Өзбекстандын ТИМинин сайтында жолугушууда эки тараптуу кызматташтык талкууланганы айтылып, 4 жаранды бошотуу маселеси тууралуу маалымат берилген жок. Кыргыз өлкөсүнүн, анын жарандарынын кызыкчылыгын чет жерде коргоо милдети жүктөлгөн Тышкы иштер министрлигинин 4 күндөн кийин гана кыймылга келиши министрлик тынчтыкта тынчтыктай, согушта согуштай иш алып бара албасын көрсөтүүдө. Өзбекстандын ИИМи Үңкүр-Тоону өзүнүн аймагы катары көрсөтүлгөн кабарларды таратууга жетишти. Бул жагынан алганда кыргыз тарап эмне кыларын билбей ийин куушурган абалда. Мисалы, бүгүн өлкөбүздүн чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Жеңиш РазаковҮңкүр-Тоо - такталбаган тилке, Өзбекстандын позициясы түшүнүксүз болууда" деп билдирүү жасады. Өзбек тарап “биздин жер” деп ишенимдүү билдирип баштаган тапта Кыргыз мамлекетине тиешелүү телемунара жайгашкан, эзелтеден кыргыздар жердеп келген аймакты “макулдашылбаган тилке” деп артка кетенчиктегени карапайым элди бушайман кылууда...

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы 26-августта Конституцияны өзгөртүүгө каршы элге кайрылуу жолдоду. Аталган кайрылуу Мелис Мырзакматовдун “Фейсбук" баракчасында жарыяланды. Кайрылууда 2010-жылдын 27-июнунда жалпы элдик референдумда кабыл алынган Баш мыйзам мурунку Конституциялардан айырмаланып, өзгөчө оор абалда, туруксуз мезгилде жана эл башына мүшкүл иш түшүп турганда кабыл алынганы айтылат. “Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы гана эмес, ал, биринчиден, коомдук келишим, анын легитимдүүлүгүнүн башкы шарты ага өзгөртүүлөрдүн киргизилиши эл тарабынан демилгеленип, аны иштеп чыгууда жана кабыл алууда ага коомдук жана саясий күчтөрдүн калың катмарынын катышуусу керек. Муну терең түшүнүү менен президентти жана Жогорку Кеңешти Конституцияны мыйзамсыз өзгөртүү аракеттерин токтотууга чакырабыз”, - дешет Мырзакматовдун командасы.

“Референдумду чукул убакытта жана президенттик шайлоого аз калганда шашылыш өткөрүүгө жасалып жаткан аракеттен анын эл кызыкчылыктарына каршы багытталганын көрүүгө болот", - деп айтылат кайрылууда. Ошону менен Конституцияны өзгөртүүгө каршылардын санын Мелис Мырзакматов жана анын тарапташтары толуктады. Ар кандай көз караштагы саясатчылар, активисттер, дегеле коомчулуктун активдүү жарандык позициядагы көпчүлүк бөлүгү бүгүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгууда. "Чек ара маселелери курчуп, чечилбеген көйгөйлөр чачтан көп маалда бийлик бийлигин бекемдеш үчүн референдум өткөрөбүз деп элге каршы барганы керек беле?" деген табигый суроо туулат. Кыязы, кайсы бир топту Кыргыз жеринин кызыкчылыгынан да бийликте кармалып калуу көбүрөөк кызыктырат окшобойбу...

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышкан 19 спортчунун ичинен төрт-бешөө гана кийинки Олимпиада оюндарына катышуусу мүмкүн. Жанарбек Кенжеев жаш курагына байланыштуу карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн, ал эми Арсен Эралиев азырынча чечим кабыл ала элек. Бул пикирди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, башка мамлекеттерден келген легионерлерден балбан Айаал Лазарев мындан кийин эркин күрөш боюнча улуттук курамга алынбайт. Өз өлкөсүндө улуттук курамга кире албай, бактысын бизден сынап көрүүнү чечкен балбандар үмүттү актабады. Каражат башка мамлекеттен акы төлөп алып келген легионерлерге эмес, жергиликтүү спортчуларга жумшалса, балким, жыйынтык чыгар...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан