Президент чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырма берди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-августта коопсуздук маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде мамлекет башчысы улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн коргоо жөндөмүн арттыруу жана мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтарды укту.

Президентке Үңкүр-Тоо аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу жана Өзбекстанда мыйзамсыз кармалган төрт кыргыз жаранын мекенге кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да баяндалды. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери айрым саясатчылар чек арадагы түзүлгөн кырдаалды саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга далалаттанып жатышкандарын айтышты. Алардын пикири боюнча, бул сыяктуу мыйзамсыз аракеттер чек ара боюнда жашаган калктын коопсуздугуна шек келтирип, чек арадагы азыркы түзүлгөн кырдаалды улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен жөнгө салууга тоскоол болот.

Президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдары буга окшогон аракеттерди чечкиндүү токтотуулары зарыл экенин белгиледи жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жарандардын коопсуздугун, өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарууга байланышкан бир катар тапшырмаларды берди.

Андан тышкары мамлекет башчысы мамлекеттик кызыкчылыктарды мындан ары коргоо үчүн мамлекеттик органдар дипломатиялык каналдар аркылуу чек ара маселелерин чечүүдө принципиалдуу позицияда турушу керек экенин баса белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан