Интернет айдыңында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин отставкага кеткендиги тууралуу маалыматтар чыгып кеткен эле. Биз бул боюнча Орусиядагы Кыргыз мамлекетинин элчилигине байланышканыбызда анын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова: “Мындай маалымат чындыкка дал келбейт. Жөн гана имиш сөздөр”, - деп билдирди.
Мындай сөздөрдүн орун алышына бүгүн "Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Роза Отунбаеваны жана ал жетектеген Убактылуу өкмөттү олуттуу кылмыштарга күнөөлөгөнү себеп болду. Атамбаевдин мындай айыптоо сөздөрү айтылып жаткан убакта Роза Отунбаева трибунадан нааразычылык ишараты менен кетип калды.
Эске салсак, Болот Отунбаев экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси. Ал 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин, 2012-2015-жылдар аралыгында Кыргыз мамлекетинин Германиядагы элчиси болуп кызмат аркалаган.