31-августта Бразилиянын Улуттук парламентинин Жогорку палатасынын 81 депутатынан 61 депутат Дилма Руссеффке болгон импичментти колдоп берип, ал биротоло президенттиктен айрылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Ошентип, президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Мишел Темер расмий түрдө 2018-жылы болуучу шайлоого чейин Бразилиянын президенти болуп дайындалды.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бразилиянын Федералдык сенаты Дилма Руссеффке ишенбөөчүлүк көрсөтүү процессин колдогон. Ошого байланыштуу Дилма Руссефф кызматынан убактылуу четтетилип, Мишел Темер мамлекет башчы кызматына киришкен. Ошого байланыштуу Руссефф Риодо болгон Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышына катышкан эмес.