Жогорку Кеңеште Москвадагы өрт, Үңкүр-Тоо маселеси жана Кытай элчилигиндеги жардырууну талкуулоо сунушталды

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында сентябрь айына календардык план бекитилди. Депутаттар талкуулоо үчүн бир топ маселелерди планга киргизүүнү сунушташты. Айрым депутаттар Москвадагы өрттү, Үңкүр-Тоодогу чатакты жана Кытай элчилигиндеги жардырууну парламентте талкуулоо керектигин билдиришти.

Депутат Өмүрбек Текебаев чет өлкөдө эмгектенген кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоого багытталган мыйзам долбоорун кароону демилгеледи. Мындан тышкары ал өлкөдө 25 жыл ичинде кандай тарыхый окуялар орун алганын, кандай өзгөрүүлөр болгонун талкуулоону сунуштады.

Депутат Аида Салянова Москвада кыргыз жарандарынын өлүмүнө алып келген өрт боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатканын парламентте кароо керектигин айтты. Ошондой эле Салянова Үңкүр-Тоо боюнча мамлекеттик мекемелер эмне иш жүргүзүп жатканын угуу зарыл экенин билдирди.

Депутат Өмүрбек Бабанов Москвадагы өрт сыяктуу кырсыктардын алдын алуу жана кыргыз мигранттарын татыктуу коргоо үчүн өкмөт кандай чараларды көрүп жатканын талкуулоону сунуштады.

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков аталган маселелерди фракция лидерлери менен август айында жолукканда талкуулаганын эскертти. "Жолугушууда ар кандай пикирлерди жана сунуштарды укканбыз. Ошонун натыйжасында парламенттин тиешелүү комитетинин жыйынына жооптуу кызматкерлер чакырылып, маалымат беришмекчи", - деди спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан