Жогорку Кеңеште Болот Ибраимжанов кайра ант берди

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов ант берди.

Айта кетсек, Б.Ибраимжанов 2015-жылы Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты катары шайланып, ант берген. Бирок кийин 9-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатын Жыргалбек Саматовго тапшырган. 2016-жылдын 8-июлунда БШК "Жыргалбек Саматовдун кош жарандуулугу бар" деген негизде аны депутаттык мандатынан ажыратып, 28-июлда мандатты кайра Ибраимжановго берген.

Белгилей кетсек, Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич 1965-жылы туулган жана "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан