Бүгүн, 6-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл койду. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, Путин Самарканд шаарына келген соң дароо Шахи-Зинда көрүстөнүнө жөнөдү. "Орусиянын лидери менен Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзийоев болду. Гүл койгон соң Путин президенттин аялы Татьяна Каримовага жана кызы Лола Каримова-Тилляевага көңүл айтты", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген эле. 2-сентябрда өлкөнүн өкмөтү анын каза болгонун жарыялаган. Эртеси Каримовдун кичи мекени Самаркандда анын сөөгү жерге берилген. Каримовду акыркы сапарга узатуу аземине Орусиядан премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган делегация барган.
Каримов Ислам Абдуганиевич 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1989-жылы Өзбекстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келген.