"Ислам Каримов кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен" деп жазат оппозиция

"26-августта Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеден кийин эс-учун жоготуп жыгылган", - деп бүгүн, 29-августта өкмөттөгү булактарына таянып Өзбекстандын эл кыймылынын басма сөз кызматы жазып чыкты.

"Аталган кече Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада өзбек спортчуларынын жеңишине арналып уюштурулган эле. Ага өкмөттүн элитасынан саналуу эле чиновниктер катышкан. Иш-чара саат 20:00дөн 22:30-23:00гө чейин болгон. Ислам Каримов спортчулардын жеңишине катуу сүйүнүп, аракты жана башка спирт ичимдиктерин өтө көп ичкен. Зелимхан ака (президенттик администрациянын башчысы Зелимхан Айдаров) президентти токтотууга аракет кылса да, Каримов анын сөзүн укпай койгон. Кече бүткөндөн кийин саат 00:00-00:30 чамасында Ислам Каримов Зелимхан Айдаров менен сүйлөшүп жатып эс-учун жоготуп жыгылып кеткен.

Резиденциядагы дарыгерлер ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, "мээге кан куюлуу - инсульт" деген диагноз коюшкан. Ошол эле түнү резиденцияга окумуштуу медиктер чакырылганда, алар деле президент инсультка кабылганын ырасташкан. Андан соң Ислам Каримов №1-өкмөттүк ооруканага жеткирилген. Ал жерде президент 27-августта саат 13:00гө чейин жаткан. Түштөн кийин өлкө башчы кайра Дурмень резиденциясына жеткирилген. Кечинде Израилден жана Германиядан медиктер келишкен", - деп айтылат маалыматта.

"Учурда биздин дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Алардын айтымында, эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат. Чет өлкөлүк дарыгерлер президенттин өмүрүн сактап калышы мүмкүн. Ислам Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнүнө катыша албай калышы ыктымал", - дешет өкмөттөгү булактар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан