Жогорку Кеңеш маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Түгөлбай Казаковду жактырды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-сентябрдагы жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Түгөлбай Казаковдун талапкерлиги каралды. Депутаттар ага сунуштарды берүү менен бирге анын талапкерлигин колдоого алышты. Айрым депутаттар Казаковго айыл жериндеги Маданият үйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууну талап кылышты.

Жаңы министр Түгөлбай Казаков чоң ишеним көрсөтүп жатканы үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, улуттук маданиятты көтөрүү жаатында бар аракетин жумшоого убада берди.

"КРнын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамга ылайык, жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эскерте кетсек, 27-июлда маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан Алтынбек Максүтов бошотулуп, ордуна Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан