Президент Кадыржан Батыровдун качышына Убактылуу өкмөттүн катыштыгын иликтөө боюнча топ түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Сепаратисттердин лидери деп айыпталган Кадыржан Батыровдун 2010-жылы чек арадан мыйзамсыз өтүп качып кеткендигине байланыштуу жаңы жагдайлар табылганынан улам үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Маалыматка ылайык, президент бул иш боюнча УКМКдан түшкөн жаңы маалыматтар жөнүндө Башкы прокуратуранын маалыматын угуп, иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
"Кадыржан Батыровдун өлкө чегинен тоскоолсуз чыгып кетишин уюштурууга Убактылуу өкмөттүн мурдагы кызмат адамдарынын катышуу деңгээли тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаевага абдан тыкыр иликтөө жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу мамлекет башчысы терең жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын алкагы менен чектелбестен, ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүнү башкы прокурорго сунуш кылганы маалым болду.
"Бардык жагдайлардын элге жарыяланышын каалабаган күчтөр тарабынан катуу каршылыктар болорун түшүнөм. Бирок жарандар кандай гана болбосун накта чындыкты билүүгө тийиш", - деди Алмазбек Атамбаев.
Ведомстволор аралык тергөө тобунун ишинин жыйынтыктары тууралуу Башкы прокуратура президентти жана коомчулукту кабардар кылууга тийиш.