Сарпашев президент Атамбаевдин хан сарайы салынып жаткан жер мэрдин жубайынан канча миллионго сатылып алынганын айтты

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин Аламүдүндөгү Кой-Таш айылына салып жаткан үйүнүн жер тилкеси боюнча маселе талкууланууда. Жыйында фракция лидери Өмүрбек Текебаев жердин аянты 2,7 гектар жер экенин белгиледи. "Биз кечээ 27 гектар деп жаңылышып айтыптырбыз, жалпы 2,7 гектар экен", - деди Текебаев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашаев бул жер Атамбаевге кайсы учурда жана канча миллионго сатылганын айтты. Ал фракция жыйынында 2,7 гектар жерди сатуу-сатып алуунун төмөнкү хронологиясы менен депутаттарды тааныштырды.

  • 1999-жылдын 27-июлунда "Дастан" мамлекеттик ишканасына 2,7 гектар жер берилген.
  • 2002-жылдын 9-декабрында бул жер Аламүдүн районунун кадастрында катталган.
  • 2004-жылдын 12-декабрында "Дастан" ишканасы 0,3 гектар жер тилкесин Султан Табалдиев аттуу жаранга 3 миң сомго саткан.
  • 2008-жылы 21-ноябрда Султан Табалдиев 0,3 гектар жерин Каныбек Табалдиев аттуу баласына өткөрүп берген.
  • 2008-жылы 24-декабрда "Дастан" мамлекеттик ишканасы "Артстрой-Дизайн" жоопкерчилиги чектелген коомуна 26 миллион cомго саткан.
  • 2010-жылдын 20-май айында "сатып алган тарап акчаны төлөгөн эмес" деген негизде соттун чечими менен жер “Дастанга” кайтарылган.
  • 2012-жылдын 4-апрелинде Каныбек Табалдиевден Анарбек Укуев аттуу жаран 2 миллион 333 миң сомго бул 0,3 гектар жерин сатып алган.
  • 2012-жылы 11-апрелде Анарбек Укуев 2,4 гектар жерди "Дастан" ишканасынан 22 миллион 537 900 сомго сатып алган. Ошентип, Укуев 2,7 гектар жерге ээ болгон.
  • 2015-жылы 19-мартта Укуевден 2,4 гектар жерди учурдагы Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова 24 миллион сомго сатып алган.
  • 2015-жылдын 7-майында Ибраимова Укуевден калган 0,3 гектар жерин 2,5 миллион сомго сатып алып, бириктирип, бир Кызыл китеп алат. Ошентип, Ибраимова 2,7 гектар жерин толугу менен сатып алган болот.
  • 2015-жылы 12-майда Ибраимова жерди президент Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго саткан.

Айта кетсек, Албек Ибраимов Бишкектин мэри кызматына 2016-жылдын 27-февралында келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан