Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн кеңейтилген жыйыны аягына чыкты. Күн тартибинде 14 документке кол коюу каралган.
Кол коюлган документтер:
1. КМШга мүчө өлкөлөрдө 2020-жылга карата калкты каттоого алуу жөнүндө;
2. КМШга мүчө өлкөлөрдө 2017-жылды Үй-бүлө жылы, 2018-жылды Маданият жылы деп жарыялоо;
3. Нюрнбергдик трибуналдын ишинин аякташынын 70 жылдыгына карата КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын билдирүүсү жөнүндө;
4. “Шериктештиктин маданий борбору” Эл аралык программасын 2017-жылы Азербайжан мамлекетинде ишке ашыруу;
5. КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймактар аралык кызматташуусу жөнүндө конвенция тууралуу;
6. КМШга мүчө өлкөрлөрдүн 2017-2019-жылдар аралыгында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу программасы;
7. 2016-2020-жылдар аралыгында маалыматтык технологияны колдонуу жана жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндөгү кызматташуу программасы;
8. 2006-жылдын 28-ноябрындагы кылмыш соттук өндүрүштүн катышуучуларын коргоо жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу протоколу боюнча;
9. "Шериктештиктин маданий борбору" Эл аралык программасынын абалына өзгөртүү киргизүү тууралуу";
10. "2017-2019-жылдарга терроризм жана экстремизмдин башка түрлөрү менен күрөшүүдө кызматташуу программасы жөнүндө" чечим;
11. "2016-2020-жылдарга маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматташтык программасы жөнүндө" чечим;
12. "Шериктештиктин маданий борборлору" мамлекеттер аралык программасы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим;
13. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө" чечим;
14. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы жөнүндө чечим.
Эскерте кетсек, КМШнын уюшулганына быйыл 25 жыл болуп, мааракелик саммитке Кыргыз Республикасы төрагалык кылып, Бишкекте өттү. Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын президенти Серж Саргсян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Молдовадан премьер-министр, Өзбекстандан тышкы иштер министри, Түркмөнстандан биринчи премьер-министр, Украинадан элчи катышты.