ЖЫЛНААМА, 17-СЕНТЯБРЬ: "Москва-1980" Олимпиадасында коло медаль тагынган жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров тирүү болгондо 65 жашка толмок

СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, Москва Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров тирүү болгондо бүгүн, 17-сентябрда 65 жашка толмок. Ал 1951-жылы Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин окуусун Таластагы №6-кесиптик окуу жайында уланткан. Биринчи устаты Анаркул Кибраев болгон.
Сатымкул Жуманазаров 1976-жылы "СССРдин Спорт чебери", 1979-жылы "СССРдин Эл аралык класстагы спорт чебери", 1981-жылы "СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери" болгон.
Ал СССРдин чемпиондугунда 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимпиадада 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өтүп, коло медаль тагынган. Совет доорундагы марафончулардын олимпиадалык жарышка катышуу тарыхында алгачкы болуп 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Сатымкул Жуманазаров 2007-жылы 3-апрелде 55 жаш курагында ооруканадан каза болгон. Ал батириндеги балкондо иштеп жатып 4-кабаттан жерге кулап түшкөн.

17-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан