Равшан Жээнбеков: "Атамбаевдин президент катары өзүнөн көз каранды саясатчылардан жер сатып алууга укугу жок"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков коомчулукта кызуу талкуу жараткан президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы курулуп жаткан хан сарайы тууралуу өз пикирин жазды. Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазган Жээнбеков Атамбаевдин катардагы жаран катары эмнеге укуктуу экенин, ошол эле учурда президенттик кызматта турганда эмнеге укугу жок экенин бөлүп караган. Билдирүүнү назарыңыздарга сунуштайбыз:

"Атамбаев жер сатып алууга жана үй салууга укуктуу. Атамбаев өлкөнүн жараны катары 2,7 гектар жер сатып алып, ал жерге үй курууга укуктуу, бирок президент катары коомчулуктун алдында жер сатып алуу үчүн акча табууда, үй курууда жана жердин статусу боюнча айырмаланып турушу керек.

Атамбаев жаран катары кимдир бирөөдөн жер сатып алууга укуктуу, бирок өлкөдөгү бардык кадрдык суроолорду чечкен президент Атамбаевдин өзүнөн көз каранды чиновниктен жер сатып алганга укугу жок. Мисалы, "Дастан" заводунун мурунку директорунан, мурунку президенттик аппараттын башчысынын орун басарынан, "Манас" аэропортунун мурунку директорунан жана Бишкек шаарынын болочок мэринен.

Атамбаев жаран катары жер сатып алууга укуктуу, бирок Атамбаев президент катары, Бакиев бийлиги тушунда оппозициянын лидери катары, Бакиевди өлкөдөн кууп чыккан соң түзүлгөн Убактылуу өкмөттү жетектегендердин бири болгон адам катары, Максим Бакиевдин мүлкүн улутташтырган саясатчы катары Максим Бакиев менен байланышы бар жерди сатып алууга укугу жок.

Эгер биз укуктук өлкөнү түзгүбүз келсе, бул президент үчүн алтын эреже жана талап болушу керек. Чечим сенин колуңда, Кыргыз Республикасынын жараны!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан