2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болуп иштеген Эдил Байсалов бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйынында аны камакка алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыкты. Анын билдиришинче, өзүнөн сырткары дагы бир топ адам камакка алынышы мүмкүн.
"Бир канча аптадан бери ар кандай булактардан "жакында массалык камакка алуу башталат экен, биринчиден болуп сен бир канча мөөнөткө камалат экенсиң" деп угуп жатам. Бул менин туугандарыма жана саясий күчтөргө белгилүү болуп калган. Мен "күнөө кылсам жооп берем, камаса камалам" деп жүргөм. Бирок "Фергана ньюс" агенттиги кечээ УКМКнын өкүлдөрү Өзбекстанга барып, Июнь окуясы үчүн айыпталып соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов менен жолугушуп, аларга Эдил Байсалов менен Роза Отунбаевага каршы видеокайрылуу жасоо сунушун беришкенин жазып чыкты. Бирок кайсы иш боюнча кайрылуу жасашат, бийлик мага кандай айып таап чыгары белгисиз", - деди Байсалов.