Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда иштеген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Демилгечилердин бири, депутат Жанар Акаевдин маалыматына караганда, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү толук, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү - мамлекеттин негизги милдеттеринин бири. Медицина, билим берүү, социалдык камсыздоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр өтө маанилүү болуп саналат. Бул багыттар боюнча кадрлар жетишсиз.
Демилгечи депутаттардын бири Абтандил Кулбараков: “Мыйзам долбоорун кабыл алуу бийик тоо шарттарында адистердин иштөөсүнө кошумча түрткү берет жана укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени мыйзам долбоорунда козголгон укук мамилелери кийинки учурга чейин эле болуп келди”, - деп айтты.
Комитет мүчөлөрү бийлик тоолуу райондордо иштегендерге гана эмес, шаар жеринде иштегендерге үстөк төлөм төлөтүү керектигин сунушташты.
Эске салсак, маянага үстөк төлөмдөр 2012-жылы жоюлуп калган.