"Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитети бүгүнкү жыйынында 2-окууда карады. Демилгечилер - депутаттар Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтыкбек Шайназаров.
Өмүрбек Текебаев бул мыйзам долбоорун ченемдик-укук актыларды кароо жол-жоболорун тактап алуу үчүн убакыт талап кылынарын айтып, мыйзам долбоорун азырынча карабай туруу сунушун киргизди. Анын айтымында, бул документ 4 жыл ичинде иштелип чыгып, бирок кабыл алынбай келген. "Жайкы каникул алдында бул документ шашылыш түрдө киргизилген, бирок мен айрым жерлерин такташ керек деп айткан болчумун. Ал эми Фарид Ниязов менен Чыныбай Турсунбеков бул документти каникулга чейин өткөрүш керек деген пикирде турушкан. Жыйынтыгында долбоор 30-июнда кабыл алынган. "Аны иштеп чыгабыз" деп убада беришкен, бирок кийин сентябрда Көчмөн оюндары башталып калган. Регламентке ылайык, мыйзам долбоору адистердин экспертизасынан өтүшү зарыл", - деди Текебаев.
"Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов "долбоорду бир жумага калтыруудан эч нерсе өзгөрбөйт деген" пикирин билдирди.
Жыйынтыгында "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүнкү жыйында кароо боюнча чечим кабыл алынган. Бирок документтин демилгечилери Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Тынчтыкбек Шайназаров бул чечимге каршылыгын көрсөтүшүп, сыртка чыгып кетишкен. Комитеттин калган мүчөлөрү жыйынды улантышып, "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.