Атамбаев эмгек өргүүсүн алды. Өргүү 1-октябрга чейин созулушу мүмкүн

Президент Алмазбек Атамбаев эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эмгек өргүүсү 1-октябрга чейин созулушу мүмкүн. "Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтүү зарылчылыгынан улам кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды", - деп себебин түшүндүрөт президенттик аппарат.

Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Бүгүн, 20-сентябрда "Хаберлер" түркиялык басылмасы Атамбаев Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде эс алганын жазып чыккан.

Бул окуя интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Атамбаевдин ооруп калганына ишенбеген интернет колдонуучулар "бул элдин аёо сезимин козгош үчүн атайын жасалган трюк", "Эмне үчүн Түркияга жеткенде ооруп калды? Саясий оюн" дешсе, боору ооругандар "ажобуз сакайып кетсин" деген каалоолорун айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан