Интернет ааламында таанышып, чыныгы жашоодо доско айлангандардын саны бүгүнкү күндө көп. SUPER.KG порталынын "Суперстан" форуму да досторду, санаалаштарды табыштырып келет. Форумдагы талкуулардан улам бир позицияда турган, бирдей ойлонгон, бири-бирин түшүнгөн колдонуучулар, бир футболдук клубдун күйөрмандары ынтымактуу досторго айланышат. "Суперстандыктар" виртуалдуу дүйнөдө гана баарлашпастан, реалдуу жашоодо жолугуп, дасторкон үстүндө пикир алмашып, спорттук, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп келишет. Булардын баары бир гана SUPER.KG порталынын форумчуларына мүнөздүү. Бул ирет биз окурмандарыбызга "Суперстан" форумунун тургундарынын достугу тууралуу айтып бермекчибиз.
Мекенибиз боюнча активдүү форумчуларыбыздын бир бөлүгү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан киришет. Ал тургай алардан түзүлгөн футболдук команда бар. Мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, жума сайын же айына 2-3 жолу Ош шаарында жолугуп, футбол ойноп, андан соң чогуу тамактанууну салтка айлантышкан. Мындай жолугушууларды "Суперстандагы" атайын ачылган темадан окуганбыз. Ошко болгон сапарыбызда форумчулардын кезектеги оюнун көрө келели деп чечкенбиз.
"Суперстан" футбол командасы ойной турган аянтты таап бардык. Футболчулар эки командага бөлүнүп кызуу оюнду башташты. Оюндун жүрүшүндө футболчулардын айрымдары катуу жыгылганына карабай оюнду улантып жатышты. Чындыгында, форумчуларыбыздын көптөн бери футбол ойноп жүргөндөрү команданын ынтымактуулугунан байкалып турду. Команданын оюнчусу, активдүү форумчу Атабек Абдулазиз уулунун айтымында, алар 2 жылдан бери чогулуп ойношот. Оюндун жыйынтыгында кайсы команда жеңгени деле мааниге ээ болгон жок, себеби башкы максат жеңиште эмес, ден соолукту, достукту чыңдоо экенин айтышат форумчулар.
"Футболду 2014-жылы Аziko01 деген ысым менен катталган Азат аттуу форумчу уюштуруп берген, азыр ал Кореяда. Анын бул идеясын активдүү форумчубуз Nurmuhammad колдоп, ошондон бери чогуу футбол ойноп калдык. Жума сайын мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша чогулабыз. "Суперстанда" темабыз бар, ошол жерден жазышып, чогулуп ойноп турабыз. Жалал-Абаддан, Оштун райондорунан келип ойногон форумчуларыбыз бар. Өзүм Ноокаттан келдим. Ушул күнгө чейин 2 жылдын ичинде 30дан ашык оюн уюштурдук. Команда Ноокаттын футбол боюнча курамасы менен ойночу, тилекке каршы, алар келе албай калышты. Көрүп, окуп калгандар болсо, SUPER.KG порталына катталып, биз менен бирге болгула!" - дейт активдүү форумчу Атабек Абдулазиз уулу.
"Жалал-Абаддын Базар-Коргонунан келдим. Ал жакта да форумчулар бар. Алар келип турушчу, бирок күзгү талаа иштери башталып келе албай калышты. Өзүм алардын атынан бүгүн келип отурам. Форумдан тапкан досторума ыраазымын. Баары жакшы балдар. Бири-бирибизди сыйлашып, катташып жүрөбүз. Өз ара сүйлөшүп жатканбыз, Бишкекке жайында барып, ал жактагы форумчулар менен жолугуп, футбол ойносок деген оюбуз бар. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген SUPER.KG'ге рахмат", - деп өз ыраазычылыгын билдирди форумчу Элдияр Батырбек уулу.
Оюн аянтчасынан чыкканыбызда, футболго кызыга бербеген, бирок ага карабастан, досторго жолукканы Өзгөндөн келген форумчулар да болду. Баарыбыз чогулуп кечки тамакка бардык. Дасторкон үстүндө форумчуларыбыз менен кененирээк тааныштык. Алар бири-бирин "Суперстандагы" темаларга калтырган билдирүүлөрүнөн эле таанып калышканын айтышты. Мындан улам көптөн бери тааныш достордой эле тамашалашып отурушту. Сөз арасында форумчуларыбыз менен баарлашып отуруп, алардан ак ниеттүүлүктү, жөнөкөйлүктү байкадык.
"Суперстандыктар" жолугуп гана тим болбостон, бири-биринин жакшылыктарына да күбө болуп жүрүшөрүн 4 жылдан бери форумчу болуп, ар кандай кайрымдуулук иштерин уюштуруп жүргөн Айпери Жантороева айтты.
"Оштогу форумчулар биригип, кайрымдуулук, спорттук иш-чараларын уюштурабыз. Андан сырткары форумдан таанышып баш кошкондор бар. Алардын тойлоруна күбө болдук. Ушинтип бири-бирибиз менен алака үзбөй катташып турабыз. Жакында дагы кайрымдуулук уюштурууну көздөп жатабыз", - дейт Айпери Жантороева.
Ар бир форумчунун "Суперстанда" жактырган бөлүмү бар. Бул жолугушууга келген эң кичүү форумчу Уран Кудайбердиев "Спорт" бөлүмүнө көп кирерин айтты.
"Форумга келгениме 2 жыл болуп калды. Келгенден бери "Спорт" бөлүмүнөн чыкпайм. Ал бөлүмдө талкуулар кызуу болот. Кээде футболдук клубдардын күйөрмандары талашабыз. Көбүнчө "Реал Мадрид", "Барселона" болуп бөлүнүп кетебиз. Форумда "чокушканыбыз" менен, реалдуу жашоодо антпейбиз. Азыр студентмин. Форумга бош убактымда кирип, талкууларга катышам", - дейт Уран Кудайбердиев.
Жолугушуунун жыйынтыгында каалоо-тилектер айтылып, бирге сүрөткө түшүү менен аяктап, баары көтөрүңкү маанайда тарашты.
Белгилей кетсек, форумчулардын алгачкы жолугушуусу SUPER.KG порталына 4 жыл болгон кезде, Бишкек шаарында 2010-жылы 28-мартта болгон. Быйыл SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата жолугушуулар бир гана Бишкекте эмес, өлкөбүздүн башка шаарларында, дүйнөдө кыргыз аттуулар жүргөн шаарлардын баарында орун алып келет. Мисал келтирсек, буга чейин Австриянын Линц шаарында, АКШда Нью-Йоркто жолугушуулар болсо, ал эми Москвада "суперстандыктар" бат-бат жолугушуп турушат. Чет элдеги кыргыздардын башын бириктирген "Суперстан" форумунун тургундарынын саны дагы да көбөйөт деп ишенүү менен айта алабыз!