Бишкекте Ак үйдүн алдында бүгүн, 11-октябрда "Элдик парламенттин" камакта отурган мүчөлөрүнүн тарапташтары митингге чыгышты. Алар "Атамбаев, өзүңдүн запкы чеккен күндөрүңдү эсте, бирөөгө зулумдук кылба!", "Эл мүдөөсүн көтөргөн оппозиция элге керек", "Диктаторлук -элдик революциянын башаты", "Саясий куугунтуктагыларга боштондук!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат. Чогулгандар ачык соттук отурум өткөрүүнү талап кылышууда. Жалпысынан 50гө жакын адам катышууда.
Нааразычылык акция учурунда милиция кызматкерлери Ак үйдүн дарбазасына илинген плакаттарды алууга аракет жасашканда, митингчилер буга каршы болушуп, алардын ортосунда жаңжал чыкты. Жыйынтыгында плакаттар дарбазадан алынды.
Эскерте кетсек, май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Учурда Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматовдун иши боюнча соттук териштирүү жүрүүдө.