Улуу Британиянын экс-премьер-министри Маргарет Робертс 1925-жылы 13-октябрда Англиянын Грантем шаарчасында кедей үй-бүлөдө туулган. Эркек мүнөз бул ишмердин жаш кезинен калыптанган жашоо образы андан назиктикти талап кылган эмес. Жаш курагына карабай кичинекей Маргарет үйдөгү саясий талкууларга активдүү катышкан. Үй-бүлөдөгү тартип абдан катуу болгондуктан, балдар үчүн кино, оюн чектелип, күндүз эч кимдин эс алууга акысы жок болгон. Кичинекей Мегги мектепте жакшы окуп, спорт менен машыгып, пианино үйрөнүп, поэтикалык курстарга барган.
Күйөөсүнүн Тэтчер фамилиясын алган Маргарет британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калган. 1992-жылы парламенттен биротоло кетип, ошол эле жылы "баронесса" улуу даражасын алган. Ал эми 2002-жылы "темир айымдын" ден соолугу начарлап, отставкага кетип, коомдук жана саясий иш-чаралардан баш тарткан. Улуу Британиянын "темир айым" атыккан экс-премьер-министри 2013-жылы 8-апрелде 87 жаш курагында жүрөк оорусунан каза болгон.
Чет элдик басылмалардын билдиргенине караганда, "темир айым" премьер-министрликтен түшкөндөн кийин балдарына, алардын тарбиясына аз убакыт бөлгөнүнө абдан өкүнгөн. Кызы энеси менен байланышпай андан алыстап кетсе, уулу даяр акчага көнүп, жеңил ойлуу жигит болуп чоңойгон. Уулуна болгон сүйүүсүнөн улам үй-бүлөсүндө кандай адам чоңоюп жатканын байкабаганы басылмаларда айтылат. Төмөндө Тэтчердин белгилүү билдирүүлөрүн сунуштайбыз.
1. "Үйдү башкарууда пайда болгон көйгөйлөрдү түшүнгөн ар бир аял өлкөнү башкарууда жаралган көйгөйлөрдү түшүнө алат".
2. "Кимдир бирөө жөнүндө алгачкы 10 секундада алган таасиримди кээде гана өзгөртөм".
3. "Аялдар эркектерге караганда "жок" деп жакшы айта алышат".
4. "Баарын ачык жүрөктүк менен жасоо - мыкты идея эмес. Жүрөк жабык бойдон калышы керек, ошондо ал жакшы иштейт".
5. "Кимдир бирөөгө жагууга өзүңдү туураласаң, анда сен ар кандай учурда тил табышууга даяр болушуң керек. Анда сен эч нерсеге жетише албайсың".
6. "Жеңилүү. Мен бул сөздүн маанисин кабыл албайм".
7. "Үй - бул алектенүүгө эч нерсе калбай калганда келген жай".
13-октябрдын жылнаамасы.