ЖЫЛНААМА, 19-ОКТЯБРЬ: Мындан 3 жыл мурун "Титаник" лайнеринде ойнолгон скрипка 900 миң фунт стерлингге сатылган

Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 19-октябрда "Титаник" чөгүп жаткан убакта кемедеги оркестрдин жетекчиси Уоллес Хартли ойногон скрипка "Henry Aldridge & Son" аукциондук компаниясы тарабынан 900 миң фунт стерлингге, башкача айтканда, болжол менен 1 миллион 500 миң долларга сатылган.

Куткаруучулар Уоллес Хартлинин сөөгүн кеме чөккөндөн 10 күндөн кийин табышкан. Скрипка Уоллес Хартлинин көкүрөгүнө байлануу болгон. Анын арткы бөлүгүндөгү жазуу аркылуу скрипка Хартлиге болочоктогу жубайы Мария Робинсондон белек катары берилгени аныкталган. Скрипка Мария Робинсонго өткөрүлүп берилген. Өз кезегинде Робинсон аны британдык диний уюмга берген. 100 жылдай жоголгон деп эсептелген скрипка 2006-жылы табылган. Атайын адистер изилдөөлөрдү жүргүзүп, аспап нак өзү экени тастыкталган.
19-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан