Мындан 106 жыл мурун, 1910-жылы 25-октябрда партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан тарта Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. 1936-1938-жылдары Өзбек ССРинин Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, 1944-1945-жылдары Компартиянын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече шайланышына депутат болгон. 2 Ленин, Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы жана башка орден-медалдар менен сыйланган. 1979-жылы 69 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
2000-жылы Исхак Раззаковдун сөөгү Бишкекке алынып келип, "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.
2014-жылы 18-сентябрда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдына Исхак Раззаковдун эстелиги коюлган.
2015-жылы 31-августта Исхак Раззаковдун өмүрү чагылдырылган "Раззаков" тарыхый тасмасынын бет ачары өткөн.
2016-жылы 11-октябрда Исхак Раззаковдун көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам кызы Эльмира Раззаковага тапшырылган. Кызы Раззаковго берилген дагы бир өзгөчө "Ак шумкар" белгисин жана жогоруда аталган орденди Исхак Раззаковдун үй-музейине өткөргөн.
25-октябрдын жылнаамасы.