Бүгүн, 26-октябрда Америка Кошмо Штаттарынын Демократиялык партиясынан ушул жылдын ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары ат салышып жаткан Хиллари Клинтон 69 жашка толду. Эгерде ал президент болуп шайланса, 240 жылдык тарыхы бар АКШнын башкаруу тарыхында биринчи жолу аял киши болмокчу. Балдарды тарбиялоого арнап жазган китеби үчүн "Грэмми" сыйлыгын алган, "Түбөлүк жашыл" коддук ысымдын ээси Хиллари Клинтон тууралуу сөз кылабыз.
Америкалык саясатчы, АКШнын 67-мамлекеттик катчысы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари Клинтон Чикаго шаарында туулган. 1969-жылы бакалавр дипломун алган соң Йель университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 1973-жылы укук боюнча доктор наамына ээ болгон. Болочок күйөөсү Билл Клинтон менен 1971-жылы студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Балдарды коргоо фондунда жана юридикалык фирмаларда иштеп баштаган. АКШнын эң бай адамдарынын катарына кирет. Түгөйлөрдүн Челси Виктория аттуу бир кызы бар.
Күйөөсү АКШ президенттигине шайлангандан кийин Ак үйдө өлкөнүн биринчи айымы катары жашап жаткан учурда жашыруун кызматтар ага "Түбөлүк жашыл" деген коддук ысым коюшса, Билл Клинтонду "Бүркүт" дешкен.
"Мыкты саясатчы мезгилге карай көз карашын өзгөртө алат" деген сөз Хиллари айымга карата көбүрөөк айтылары маалымдалат. Алсак, 2000-жылдары АКШдагы көпчүлүк бир жыныстуулардын никесине каршы болгон учурда Клинтон да никени коргоо үчүн бир жыныстуулардын никесине тыюу салган мыйзамды колдоорун билдирген. Кийинчерээк убакыттын өтүшү менен бул көз карашы өзгөрө баштаган.
1998-жылы күйөөсү Билл Клинтондун карьерасы туңгуюкка кептелип, президенттик тактыдан түшүп калуу коркунучу жаралган. Себеби анын Ак үйдө катчы Моника Левински менен болгон сүйүү мамилеси коомчулукка жарыяланып, чырлуу текшерүүлөр башталат. Убагында иштелип чыккан сабаттуу стратегия жана Хиллари Клинтондун эл алдында күйөөсүнө карата жалган жалаа жабылып жатканын айтып чыкканы Билл Клинтондун бийлигин сактап калган. Андан кийин да күйөөсүнүн сүйүү романдары тууралуу маалыматтар басылмаларда байма-бай жарыяланып турганына карабай Хиллари көңүл бурбай, үй-бүлө очогун сактап, белгилүү күйөөсүн колдоону уланткан.
Кийинчерээк Билл Клинтон менен Моника Левинскинин сүйүү мамилери болгону расмий аныкталган. Андан бир топ убакыт өткөн соң Хиллари: "Күйөөмдүн кыянат кылганын билгенимде башын жулуп алгым келген. Бир учурда аны жек көрүү менен президентти колдоону уланткам", - деп билдирген.
АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун программасы: кирешелердин теңсиздигин жоюу, иштеген аялзатын колдоо, минималдуу маянаны жогорулатуу, мектепке чейинки билимди өстүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо.
26-октябрдын жылнаамасы.