ЖЫЛНААМА, 26-ОКТЯБРЬ: Чума, холерага каршы биринчи вакцинаны ойлоп тапкан Владимир Хавкин каза болгон

Владимир Хавкин Одессада еврей окуу жайынын мугалимдери Арон Хавкин жана анын жубайы Розалия Дувит-Айзиковна Ландсбергдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.Төрөлгөндөгү аты - Маркус-Вольф. Жаш курагынан эле эмгекчил жана кызыкчылыгына болгон бекемдиги менен айырмаланган. 1884-жылы Одессадагы Новороссия университетин аяктаган.
Мугалими белгилүү окумуштуу Илья Мечников Владимир Хавкиндин зоологияга кызыгуусуна да түрткү болгон. 1889-жылы Мечниковдун сунушу менен Париждеги Пастеровск институтунун кызматкери болуп калат. Анын иштеген багыты адам баласынын организмин жугуштуу оорулардан коргоо болгон. Ошол убактарда “микроб” деген сөз гезит беттеринде жаңыдан гана пайда болуп, Роберт Кох холера вибрионун ачып, Луи Пастер сибирь жарасы менен кутурмага каршы алгачкы эмдөөлөрүн жасап башташкан.
Микробиология жаңыдан өнүгүп жаткан кез. Холера оорусу күч алып, адамдар ооруга каршылык көрсөтүүнүн айласын издеп калган мезгилде, 1892-жылдын жаз айында Владимир Хавкин вакцина иштеп чыгып, аны эксперименттен ийгиликтүү өткөрөт. Андан соң Хавкин Луи Пастер менен биргеликте Орусия, Франция жана башка холера күч алган Европа мамлекеттерине жергиликтүү калкты эмдөө сунушун киргизип, бирок макулдугун ала алган эмес. Бир гана Британия колдоо көрсөтүп, Арон Хавкинди холеранын чордону болгон Индияга, Калькуттага жөнөтөт. Биринчи эле жылы 25 000 адамга вакцина сайган, жалпысынан Индияда холера менен күрөшүүдө 20 жыл ийгиликтүү иш алып барган. Ал эми 1896-жылы 7-октябрда Владимир Хавкин чумага каршы вакцинаны иштеп чыгуу процессин Бомбейде баштап, 3 айдан соң чумага каршы эң алгачкы вакцина даяр болгон. Ал Бомбейде чумага каршы лаборатория ачкан. Учурда анын ордунда Хавкин атындагы Бактериологиялык институт жайгашкан.
Жашоосунун акыркы 15 жылын Парижде жашап, 1928-жылы Лозаннага (Щвейцария) көчкөн эки жылдан соң көз жумуп, сөөгү Лозаннадагы еврейлердин мүрзөсүнө коюлган.
26-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан