Учурда "үлгүлүү түгөйлөр" деп айтылып келген дүйнөлүк жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жолинин эмне себептен ажырашып жатканы көпчүлүккө дале кызык бойдон калууда. Жакында эле Питтке "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген айып боюнча ФБР (ФТБ - федералдык тергөө бюросу) тарабынан текшерүүлөр жүрүп, айтылган күнөөлөр негизсиз экени аныкталган. Бирок ФБР жана Балдарды коргоо боюнча департамент жылдыздардын үй-бүлө мүчөлөрүн суракка алгандан кийин Питтке карата "өз балдарына зомбулук көрсөткөн" деген ишти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.
Буга чейин айтылып келген "учакта бара жатып актёр баласын урушуп, урган" деген окуя чындыкка дал келбеши мүмкүн, бирок текшерүүчүлөрдү үй-бүлөдө болуп турган башка жаңжалдар кызыктырган. Акыркы маалыматтарга караганда, Брэд менен Анжелинанын ортосунда көп жолу кайым айтышуулар болуп, бул балдардын абалына терс таасирин тийгизген.