ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: Өсүмдүктөрдү кыйыштыруунун теориялык негизин иштеп чыккан окумуштуу-биолог Иван Мичурин туулган

Орусиялык жана советтик окумуштуу-биолог, СССРде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн илимий селекциясына негиз салуучу, СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1935), академик Иван Мичурин төрөлгөн.

Иван Мичурин Пронский уезддик окуу жайын бүтүргөн. Мичурин сорт аралык жана алыскы тегинен гибриддештирүү, гибридди онтогенездин мыйзам ченемине байланыштырып багып өстүрүү ыкмалары, ментора ыкмасы, көчөттү баалоо жана тандоо, физикалык жана химиялык факторлордун жардамы менен селекция процессин тездетүү, тексиз гибриддештирүүнүн теориялык негизи сыяктуу изилдөөлөрдү иштеп чыккан. Мичурин аргындаштыруу үчүн баштапкы өсүмдүктү тандоо теориясын ачкан. СССРде көптөгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн райондоштурган. Мичурин жүзүм, кызыл өрүк, алча жана башка түштүктө өсүүчү өсүмдүктөрдү түндүк жактарга өстүрүүгө жол ачкан. Изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында бир топ өсүмдүктөрдү шарты катаал аймактарга ылайыкташтырган. Мисалы, суук аймакка чыдамдуу, бышык, оңой тамырлаган дарактарга башка мөмө-жемиштердин шактарын кыйыштыруу сыяктуу эксперименттерди ишке ашырган.
Ал үзүрлүү иштеринин жыйынтыгында Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Анын наамында өсүмдүк генетикасы жана селекциясы боюнча жетишкендиктер үчүн ыйгарылуучу И.В.Мичурин атындагы алтын медаль негизделген.
Окумуштуу-биолог 1935-жылы 7-июнда 79 жаш курагында көз жумган.
27-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан