ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: Бүгүн англис тилдүү өлкөлөрдө Хеллоуин майрамы белгиленет

Хеллоуин - Ирландия жана Шотландия өлкөлөрүндөгү байыркы уруулардын салттарына байланышкан заманбап майрам. Жыл сайын 31-октябрда белгиленет. Хеллоуин англис тилдүү өлкөлөрдө майрамдалганы менен, расмий түрдө белгиленбейт. ХХ кылымдын аягында глобалдашуу жараяны менен англис тилдүү эмес өлкөлөрдө да Хеллоуиндин атрибуттарына мода башталган. Бул майрам АКШ жана Улуу Британия менен маданий байланышы бар Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө да белгиленет.

"Хеллоуин" сөзү англис тилиндеги "All-Hallows-Even" сөзүнүн гаэл тилинде кыскартылып айтылганы. Оксфорд сөздүгү боюнча бул сөз алгачкы жолу XVI кылымда эскертилет. Карнавал кийимдерин кийүү жакында эле пайда болгон салт. Алгачкы жолу карнавал кийимин кийип майрамдаган учур 1895-жылы Шотландияда катталган. Анда бет кап кийген балдар ар кайсы үйгө барып момпосуй, жемиш жана акча сурашкан. Хеллоуинде шайтандардын, кан соргучтардын, кубулма кишилердин, жез кемпирдин гана эмес, феянын, канбийкенин, поп-маданиятынын өкүлдөрүнүн да костюмдарын кийишет. Бул майрам Кыргыз өлкөсүндө акыркы 3 жыл аралыгында белгилене баштады.

31-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aikokul14
2016-10-31 14:37:57
Башында калсын ушул майрамы,биздикилер дагы майрам кылып алышыптыр,жин шайтандын майрамын.
+4
tnt_ostrof
2016-10-31 14:52:55
Айдай жузун туру суука айланткандарга тушунбойсун. Же ошондой болуп жургусу келеби... Иши кылса бир обу жоктордун жоругу
+2
Ayida
2016-10-31 14:54:18
Шайтан эле болуп калышат экен тообо кийген кийими ону тустору.Биздикилер башы иштесе майрамдабайт
+2
papanstan
2016-10-31 15:05:36
Туру сууктар,биздин ишканада да орустар майрамдап атат)
+2
Revolyutsiya
2016-10-31 15:36:21
Батыштын маскара майрамы...
+3
vangolu
2016-10-31 15:59:27
биздин олкодо акыркы 3 жылдары эле эмес мен мектепте окуган жылдары майрамдачубуз.кыскасы 15 жылдай болуп калды.
-4
Nur1k
2016-10-31 16:10:59
Дархандыкы просто через msqrd программа да жасалганго)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан